Интерсекционалдык феминизм

Интерсекционалдык анализ социалдык индивидге таасир эткен ар бир факторду өзүнчө кароонун ордуна, факторлордун жыйындысын айкалыштыруу менен карайт.

Интерсекционалдык феминизм кесилиштер теориясына негизделген, аялдардын түрдүү тажрыйбасына жана ар кандай аялдардын дискриминацияга кандай кабыл болуп жаткандарына көңүл бурат. Интерсекционалдык феминизм кысымдын кесилишкен түрүнө кабылгандардын үнүн угуп, теңсиздик катмарларын жана  алардын ортосундагы байланыштарды түшүндүрөт. Бул феминизмди көңүл буруп карасак, анда биз ар кандай жамааттар бир эле учурда бири-бири менен байланышкан маселелер менен күрөшүп жатканын көрөбүз. Басмырланган топтордун бири-бири менен тилектештиги жана теңсиздиктин тамырлуу себептерине каршы чыгуусу — феминизмдин ушул агымы үчүн аябай маанилүү.

Тарыхы

Дискриминациянын кесилишүү темасы мульти-маданий феминисттик кыймылынын өнүгүшү менен социалдык чөйрөдө 1960-70 жылдары талкуулана баштаган. Бул кыймылды түстүү аялдар жетектеген. Алар аялзаты бирдей жашоо тажрыйбасына ээ бир категория деген идеяга каршы чыгышкан. Буга Батыштын орто катмарындагы ак түстүү аялдардын феминисттик кыймылды толук кандуу түшүнүшпөгөнү себеп болгон. Аталган кыймылдын өкүлдөрү ак түстүү аялдар туш болгон кысымдар кара терилүү, кедей же майып аял кезиккен басынтуудан айырмаланат дешкен. Ал эми феминисттер “раса, гендер жана коомдогу түрдүү катмар аялдын тагдырын чечет” деген теорияны түшүнүүгө умтулушкан. Интерсекционалдуулук боюнча теоретик Лесли МакКолл кесилишүү теориясы социология үчүн өтө маанилүү деп эсептейт. Анткени аталган теорияга чейин дискриминациянын түрүнө туш болгондордун тажрыйбасына таянган изилдөөлөр аз болгон.

«Кесилишүү теориясы» терминин биринчи жолу 1989-жылы Кимберли Креншоу киргизген. Креншоу кара терилүү аялдардын тажрыйбасы алардын расасы, жынысы менен гана чектелбейт дейт. Ошондой эле, ал кесилишүүнү (интерсекционализм) эске албаган байкоолор кара терилүү аялдар кандайча басмырланганын туура сүрөттөй албайт деген пикирди карманган. Аталган термин 1990-жылдары кеңири тараган. Анткени, ошол жылы бул терминди социолог Патриция Хилл Коллинз кара феминизм тууралуу талкууда колдонгон. Коллинз да Креншоу сыяктуу эле маданияттагы зулумдуктун түрлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта экенин жана ал коомдогу расалык, гендердик, класстык системалардын таасири астында калганын айткан.

Интерсекционалдык дискриминация

Негизги макала: Кесилишкен дискриминация

Кесилишкен дискриминация – бир адамдын бир нече белгилер боюнча дискриминацияга кабылышы. Мисалы, түстүү майып аял бир эле мезгилде майыптык, расалык жана жыныстык белгилер боюнча дискриминацияга кабылышы мүмкүн.

Артыкчылыктар

Интерсекционалдык феминизм ар бир адамдын өзүнүн привилегияларын жана артыкчылыктарына байкоого чакырат. Орто класс, жогорку билими бар аялдын, билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелген аялга караганда көбүрөөк привилегиялары бар, жана муну түшүнүү аялдардын укуктары үчүн күрөштө көңүлгө алынышы керек.

Привилегия – бир адамдын (же топ, катмар) тигил же бул үстөмдүк кылуучу социалдык топко таандык болгондугу үчүн алган жана маргиналдашкан адамдарга салыштырмалуу кыйла көп, материалдык ресурстарга жана институционалдык бийликке жетүү мүмкүнчүлүгүн берген системалуу артыкчылык.

Артыкчылыктардын классикалык мисалдары класстык, ак жана эркектик артыкчылыктар; заманбап изилдөөчүлөр ошондой эле сексуалдык, жаш курак жана башка үстөмдүк кылуу системалары менен байланышкан артыкчылыктарды талдап, алардын өз ара аракеттенүүсүн жана өз ара таасирин изилдешет. Артыкчылыктуу топтор билимине, социалдык классына, кастасына, жашына, боюна, салмагына, улутуна, географиялык жайгашуусуна, майыптыгына, этникалык же расалык категориясына, жынысына, гендердик өзгөчөлүгүнө, неврологиясына, сексуалдык ориентациясына, физикалык жагымдуулугуна, динине жана башка айырмачылыктарга жараша артыкчылыктуу факторлорго ээ болушу мүмкүн.

Москва, метродо жумушчу мигранттардын документтерин текшерүү.

Привилегиялар артыкчылыктуу топтордун мүчөлөрүнө кысымга алынган топтордун мүчөлөрү туш болгон системалуу чектөөлөрдөн жана тоскоолдуктардан качууга мүмкүндүк берет. Башка көптөгөн артыкчылыктардан айырмаланып, артыкчылыктар жеке жөндөмдүүлүктөрдүн же жетишкендиктердин натыйжасында эмес, үстөмдүк кылуучу социалдык топко таандык болуу фактысынан гана пайда болот.

Эркек привилегиясы

Эркек прививилегиясы – бул эркектерге эркек болгондору үчүн гана жеткиликтүү болгон артыкчылыктар же укуктар системи. Эркектин бул жеңилдиктерге жетүү мүмкүнчүлүгү алардын коомдогу идеалдуу эркектик нормага канчалык дал келгенине жараша өзгөрүшү мүмкүн. Патриархалдык коомдо эркектер өзгөчө артыкчылыктарга жана статуска ээ болушат. Булар эркектердин үстөмдүгү менен аныкталган коомдор, аларда эркектер негизги бийликти колго алып, саясий лидерлик, моралдык бийлик, социалдык артыкчылык жана менчикти көзөмөлдөө ролдорунда үстөмдүк кылышат. Аялдардын системалуу баш ийүүсү менен эркектер аздыр-көптүр аялдар үчүн жеткиликтүү болбогон экономикалык, саясий, социалдык, билим берүү жана практикалык артыкчылыктарга ээ.

Биринчи дүйнө привилегиясы

Биринчи дүйнө привилегиясы көбүнчө иммиграция мыйзамдары жана соода тоскоолдуктары сыяктуу мыйзамдуу жолдор менен биринчи дүйнө өлкөлөрү тарабынан сакталат. Көптөгөн мамлекеттердин мыйзамдары чет өлкөлүк жарандарга карата дискриминацияны активдүү түрдө колдойт, жумушка орношуу жана билим алуу үчүн катаал иммиграция талаптары же кымбат төлөм акылары коюлат, мигранттардын профессионалдык квалификациялары кабыл алынбайт, студенттик стипендиялар өнүккөн мамлекеттердин жарандарына артыкчылыктуу берилет.

Шаардык инфраструктуранын талапка жооп бербегени үчүн майыптыгы бар адамдардын эркин жүрүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген

Биринчи Дүйнө мамлекеттерде, адатта, бири-биринин жарандарына жумушка орношуу, билим берүү жана бизнеске байланыштуу басмырлоону чектеген өз ара соода жана иммиграция келишимдери жана келишимдери бар.

Физикалык привилегия

Физикалык привилегия - бул эркектерге да, аялдарга да алардын сырткы келбетине жараша жасалган экономикалык, социалдык жана саясий артыкчылыктарды же пайдаларды изилдөө үчүн колдонулган түшүнүк. Мисалы, кээ бир учурларда адамдын келбети адамдын интеллектинин көрсөткүчү катары каралат. Адамдын денеси ошондой эле жумушка алуу жана кызматка көтөрүлүү сыяктуу чечимдерди кабыл алууда чечүүчү фактор болушу мүмкүн.

Дагы

Булактар

  1. Thompson, Becky. Multiracial Feminism: Recasting the Chronology of Second Wave Feminism. (англ.) Feminist Studies, Vol. 28, No. 2, 2002, p. 337. Текшерилген күнү: 15.04.2023.
  2. Cooper, Brittney (2016). "Intersectionality". In Disch, Lisa; Hawkesworth, Mary (eds.). The Oxford Handbook of Feminist Theory. Oxford University Press. pp. 385–406. doi:10.1093/oxfordhb/9780199328581.013.20. ISBN 978-0-19-932858-1.
  3. 3.0 3.1 3.2 Pease, Bob. Privilege // International Encyclopedia of Men and Masculinities (англ.) / Michael Flood, Judith Kegan Gardiner, Bob Pease, Keith Pringle. — Routledge, 2007. — P. 502—504. — ISBN 978-1-1343-1707-3.
  4. 4.0 4.1 Bailey, Alison. Privilege: Expanding on Marilyn Frye's “Oppression” (англ.) // Journal of Social Philosophy. — 1998. — Vol. 29, no. 3. — P. 104—119.
  5. Privilege, Male // Encyclopedia of Gender and Society / O'Brien, Jody (ed.). — SAGE, 2008. — 1032 p. — ISBN 9781452266022.
  6. Black, Linda L.; Stone, David (2005). "Expanding the Definition of Privilege: The Concept of Social Privilege". Journal of Multicultural Counseling and Development. 33 (4): 243–255. doi:10.1002/j.2161-1912.2005.tb00020.x.
  7. 7.0 7.1 Keith, Thomas (2017). "Patriarchy, Male Privilege, and the Consequences of Living in a Patriarchal Society". Masculinities in Contemporary American Culture: An Intersectional Approach to the Complexities and Challenges of Male Identity. Routledge. ISBN 978-1-31-759534-2.
  8. Redding, Stephen; Venables, Anthony J. (2004). "Economic geography and international inequality".(апгл.) Journal of International Economics. 62 (1): 53–82. doi:10.1016/j.jinteco.2003.07.001.
  9. Marilyn Lake and Henry Reynolds. Drawing the global colour line: white men's countries and the international challenge of racial equality (англ.) Cambridge: Cambridge University Press, 2008. Текшерилген күн: 15.04.2013.
  10. Kwan, S. (2010). Navigating public spaces: Gender, race, and body privilege in everyday life.(англ.) Feminist Formations, 22(2), 144–166.